Чоң-Алайда унаа жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө
Чоң-Алайда унаа жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-18-февралда калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен ички чарбалык унаа жолдору жабылган. Кечээ саат 20:00дө №16-Жол-тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, Кара-Шыбак айылына баруучу 7 чакырым, Кызыл-Туу айылына баруучу 3 чакырым, Жекенди айылына баруучу 1,5 чакырым ички чарбалык жол толугу менен тазаланды. Учурда Шиве айылына баруучу жолдун 2,5 чакырым аралыгы, Чулук айылына баруучу жолдун 3,5 чакырымы, Кулчу айылына баруучу жолдун 3 чакырым аралыгында тазалоо иштери жүргүзүлө элек. Аталган аймактарда жолдорду тазалоо иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.