Ахматбек Келдибековдун аялы Аида Токтоматованын иши текшерүүгө алынат

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Саламаттыкты сактоо министрлигине Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Аида Токтоматованын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, 15-январда аталган борбордун айрым кызматкерлери Д.Ниязалиева менен жолугушуу өткөрүшкөн. Анда алар борбордун башчысынын милдетин аткаруучу А.Токтоматова тарабынан бир топ мыйзам бузуулар болгонун айтышкан.
Вице-премьер-министр айтылган маалыматтарды тактоо жана алардын негизинде корутунду чыгарууну буюрду. Эгер маалымат аныкталса, Токтоматовага тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

