super.kg logo

Өткөн аптада борбор калаада мас абалда унаа башкарып жүргөн 53 айдоочу кармалган

 
Өткөн аптада борбор калаада жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалда унаа башкарып жүргөн 53 айдоочу кармалган. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, борбор калаада 12-февралдан 18-февралга чейин Жол-кайгуул кызматы рейд жүргүзгөн. Анын алкагында 4816 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. 
Рейддин алкагында айып пул төлөөчү жайга 264 унаа жеткирилип, 700 айдоочуга унаа айдап баратып уюлдук телефон менен сүйлөшкөнү үчүн айып пул салынган. 630 айдоочу унаа айдап баратканда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн токтотулган. 214 айдоочунун эч кандай документи жок унаа айдап жүргөнү аныкталган. 
 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: