super.kg logo

Баткен облусунда кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери башталды

 
Баткенде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 20-февралда маалымдады.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына караштуу Кызыл-Бел айылындагы дренажды тазалоо жүргүзүлүүдө. 2680 чакырымдын 900 чакырым аралыгы тазаланды. Дренажды тазалоо менен 10 турак жай жана 2,5 гектар жер үлүшү кырсыктан корголот. 

Самаркандек айыл аймагына караштуу Самаркандек айылындагы сел каналынын нугун тазалоо иштери башталды. Бүгүнкү күндө 1000 чакырымдын 450 чакырым аралыгында жумуш аткарылды. Жумушка 1 бульдозер (БМ-10) тартылды. Натыйжада 80 турак үй, 15 гектар эгин аянты, 800 метр ички жол кырсыктардан корголот. 

Ошондой эле Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел, Чет-Кызыл айылдарында дренажды тазалоо иштери башталып, 1500 чакырым аралыктын 1000 чакырым аралыгында жумуш аткарылууда. Натыйжада ички жолдор жана 25 гектар үлүш жери коопсуздандырылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: