"Ахматбек Келдибеков дарыланууга кайрадан чет өлкөгө кетиши керек" деди жактоочусу
Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 20-февралда депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырды.


Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 20-февралда депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырды.

Депутаттын жактоочулары Татьяна Чильникина менен Азимбек Бекназаров.
"Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун дарылануусу толук бүтпөгөндүктөн, депутат кайрадан дарылануусун улантууга кайрадан чет өлкө кетиши керек. Бул үчүн тиешелүү документтер бар". Муну депутаттын жактоочусу Татьяна Чильникина бүгүн, 20-февралда Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу уланган соттук отурумда билдирди. Анын айтымында, депутатка Малайзияда операция жасалып, Түштүк Корея жана Малайзиядан кароодон өткөрүлгөн. "Эми депутат ай сайын эки жолу медициналык кароодон өтүп турушу керек",- деди Чильникина.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

