super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизилди

 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Салык кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты коммерциялык банктардын төлөм системдеринин инфраструктурасын кеңейтүү жолу менен Кыргыз Республикасында накталай акча түрүндө эмес төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн көбөйтүү болуп саналат. Мыйзамда банк жабдууларын (банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк күркөлөрү) импорттоодо КНС төлөөдөн бошотуу каралат. Мыйзам убактылуу мүнөзгө ээ жана 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: