Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роберт Уразгильдеевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү
Бүгүн, 2015-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роберт Уразгильдеевдин каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттик социалдык коргоо фондунан 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Роберт Уразгильдеев 1935-жылы 13-майда Пермь шаарында туулган. Пермь мамлекеттик окуу жайын балет артисти адистиги боюнча бүтүргөн. 1955-жылы Москвадагы А.Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунун тарых жана театр теориясы адистиги боюнча аяктаган.
Роберт Уразгильдеев көптөгөн опера спектаклдеринин бий сценаларын койгон. Ал Борбор Азия мамлекеттеринде искусство таануу боюнча жалгыз доктор болгон. Анын практика боюнча берген рекомендацияларын бир нече мамлекеттердин тажрыйба топтоочулары жана окумуштуулары колдонушкан.
Ал 19-февралда каза тапкан эле. Маркумду узатуу зыйнаты 21-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

