super.kg logo

Аскер институтунда Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

 

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарынын жана Манас айылынын окуучулары үчүн аскердик окуу жайда Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, алар генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институту менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, институттун курсанттары окуу мекемесинин түзүлүү жолу тууралуу, генерал-лейтенант, Советтер Союзунун Баатырынын өмүр таржымалы, Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери тууралуу айтып беришти.

Экскурсия учурунда окуучулар армиянын куралдануусунда турган аскер техникасы менен артиллерия куралдары, ошондой эле аткыч куралдардын үлгүлөрү менен таанышып чыгышты. Балдар курсанттар билим алып жаткан окуу жайдын аудиторияларында болушуп, сабактарга катышууга уруксат алышты.

Мындан тышкары алар Башкы штабдын Аскер-аба базасындагы аскердик-авиациялык техникаларын көрүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.02.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекский ВВУ бул жерде мен служба кылдым эле ээх чиркин кандай гана кооз часть. Биздин убакта тургузган Курсанттар менен кафедранын студенттери пушка танка макеттерин биринчи суроттогулор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: