super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы электрондук сатып алууларга өтө элек мекемелерди сынга алып, өкүлдөрүнө сөгүш жарыялады

 

Бүгүн, 20-февралда өкмөттүн отурумунда премьер-министр Жоомарт Оторбаев электрондук сатып алууларга өтө элек мамлекеттик мекемелерди сынга алды. 

Жыйындын жүрүшүндө ал мекемелердин сатып алууларды көзөмөлдөгөн жетекчилерине сөгүш жарыялады. "Сатып алуулардын 90 пайызы кагаз түрүндө жүрүп жатат. Мындан ким пайда тапкандыгы баарыбызга белгилүү. Ошондуктан жетекчилер бир аптанын ичинде электрондук сатып алууларга өтүү пландарын тапшырышсын",- деп буюрду өкмөт башчы.

Айта кетсек, сөгүш алгандардын арасында Чек ара жана Бажы кызматтарынын башчыларынын орун басарлары, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы, ИИМдин башчысынын биринчи орун басары, Бишкектин вице-мэри жана башкалар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: