Эжесинин 9 жаштагы кызын өлтүрүүгө шектелип, райондук сотто акыл-эси кем болуп чыккан жарандын ишин облустук сот карайт

13-февралда "эжесинин 9 жаштагы кызын өлтүргөн" деп шектелген жарандын акыл-эси кем болуп чыкканы маалымдалган эле. Анда кылмыш ишин Жайыл райондук соту карап, айыпталып жаткан 19 жаштагы Амантур Тургунбек уулун “акыл-эси кем” деп тапкан жана ишти жабуу боюнча чечим чыгарган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бул чечимди жокко чыгаруу жана ишти кайра карап чыгуу арызы менен райондук прокуратура кийинки инстанцияга кайрылган. "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталган жарандын иши Чүй облустук сотунда каралат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 20-февралда билдирди.
Айта кетсек, 2014-жылдын 15-мартында Кара-Балта шаарынан 9 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Амантур Тургунбек уулу кармалган.
9 жаштагы кызды өлтүрдү деп шектелген бала кылмышты мойнуна алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

анан кайдагы турмодо чирийт жакшылап окусан
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!