Ошто университеттин окутуучуларынын арасында сынак өттү



Бүгүн, 20-февралда Ош технологиялык университетинде 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата окутуучулар арасында “Супер ата” аттуу сынак болуп өттү.
Окуу жайдан кабарлашкандай, иш-чара окуу жайдын Аялдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, сынакка 10 талапкер катышты. Ачылыш аземинде ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов куттуктоо сөзүн айтып, окуу жайда үзүрлүү эмгектенген агайларга Ардак баракчаларды тапшырды.Сынактын
шартына ылайык, атаандаштар “Менин визиттик карточкам”, “Акылдуу ата”,
“Азаматсың, атаке!”, “Камкор ата” жана "Үй тапшырмасы" деп аталган сынактардан
өтүштү. Катышуучулардын эң улуусу 55 жашта болсо, эң жаш катышуучу 23 жашта
болду. Жыйынтыгында калыстар тобу катышуучулардын даярдыктарын, жаш өзгөчөлүктөрүн
жана таланттарын эске алып, 1-орунду Технологиялык колледжден чыккан Залкар Баатыровго ыйгарышты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилип, дипломдор
менен сыйланышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kati

21.02.2015. 04:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.