super.kg logo

Акыркы суткада өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, Аламүдүн районунда үйдүн 60 чарчы метр жыгач шыбы күйдү

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Аламүдүн районунун Восток айылындагы Ленин көчөсү-126 дареги боюнча жайгашкан үйдүн бөлмөсүнүн 60 чарчы метр жыгач шыбы жана 60 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрт электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушунан келип чыккан.

Ош шаарындагы Моминов көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу, темир жабылган, аянты 80 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 50 чарчы метр жыгач шыбы, 2 эшик, 4 терезе жана башка бир катар эмеректер күйүп кеткен. Себеби такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: