super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев сот реформасын ишке ашыруу процессинде олуттуу иштер жасалганын айтты

 

Жогорку Кеңеште 20-февралда сот реформасына багытталган мыйзам долбоорлорунун топтомун иштеп чыккан демилгечи депутаттар менен жолугушуу болду. Жолугушууга Сот реформасы боюнча кеңештин мүчөлөрү, эксперттик жумушчу топтордун жетекчилери, эл аралык уюмдар менен жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Токтогул Туманов Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Жарандык-процесстик кодекси, "Аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө" мыйзам жаңыдан иштелип чыкканын, "Судьялардын статусу жөнүндө" жана "Кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилерин билдирди. Жакында аларды кароо жол-жоболору башталары айтылды.

Депутат Өмүрбек Текебаев сот тутумунда кайра курумдарды жүргүзүү багытында орчундуу иштер жасалганын белгиледи. Эксперттик жумушчу топтордун өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан жаңы мыйзам долбоорлорунун ар бири тууралуу маалымат берилгенин билдирет ЖКнын маалымат кызматы. Андан сырткары өлкөдөгү сот реформасынын жүрүмү, анын ичинде мыйзам долбоорлорун алга жылдыруу боюнча андан аркы иш-аракеттер, көрүлө турган чаралар жаатында пикир алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: