Ак-Талаа районунда кар көчкү алдында калып каза тапкан эки адамдын үй-бүлөлөрүнө 100 миң сом бөлүндү
18-февраль күнү Кашка-Суу жайлоосуна жылкы айдап келүүгө кеткен 5 адамдын экөөсүн кар көчкү басып калган. Кар алдында калып каза тапкан эки жаран Жерге-Тал айылынын 33 жаштагы Адылбек Төлөнбаев жана 22 жаштагы Мирбек Жээнбай уулу аттуу тургундары болгон. Кырсык тооруп, өмүрү менен коштошкон 2 жарандын үй-бүлөсүнө президенттик фонддон 50 миң сомдон бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

