super.kg logo

Бүгүн Кантта Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык концерт өтөт

 

Бүгүн, 21-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Кант шаарынын Маданият үйүндө салтанаттуу жыйналыш жана майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу уюштуруучу - “Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, Канттагы авиабазанын аскер кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, “Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттары Ташполот Балтабаев, Асия Сасыкбаева, Туратбек Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов, Бактыбек Калмаматов жана аталган партиянын жаштар канаты катышмакчы.

“Концертте Чырмаш Төрөбеков, Гүлзинат Суранчиева жана Шертай Эрматов сыяктуу ырчылар элдик жана заманбап ырларын ырдашат”,- дешет уюштуруучулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: