super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" партиясынын депутаттары Ата Мекенди коргоочуларды куттукташты

 
Бүгүн, 21-февралда Кант шаарынын Маданият үйүндө Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп жатат. Анда "Ата Мекен" социалисттик партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья НикитенкоТашполот Балтабаев, Асия Сасыкбаева, Туратбек Мадылбеков, Райкан ТөлөгөновБактыбек Калмаматов аскер кызматкерлерин куттуктап өтүштү.
Н.Никитенко өз сөзүндө Ата Мекенди коргоочулардын күнүн майрамдоо бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө сакталып келгендигин билдирди. "Бул күн баарыбызды мекенчилдик, адилеттүүлүккө ишеним, ардагерлерди терең урматтоо менен бириктирет. Биз бүгүн депутат аялдардын атынан Ата Мекенди коргоочуларга болгон сүйүүбүздү, сый-урматыбызды тартуулап жатабыз. Анткени эркектер биздин ишенимибизди жана колдообузду ар дайым сезип турушканы туура",- деди Никитенко.
Депутат А.Сасыкбаева өз сөзүндө аскер кызматкерлеринин аялдарына кайрылып буларды айтты: "Үй-бүлөдө күн сайын жылуулукту, бири-бирине болгон ишенимди сактоо - чоң эмгек. Ошондуктан сиздерге сабырдуулук, бакыт каалайм. Үйүңөрдө ар дайым сүйүү жашасын".
Айта кетсек, иш-чарада ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, Канттагы авиабазанын аскер кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: