super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргыз элин 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элин 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылат:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мекен коргоочуларынын күнү - эрдиктин, каармандыктын жана ар-намыстын майрамы менен куттуктайм!

Бул күнү биз эң жооптуу мезгилде каармандык менен Мекенди коргогондорго сый-урмат көрсөтөбүз. Эң оболу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигине терең таазим этебиз. Ардагерлерибизден туулган жерди сүйүүнү үйрөнөбүз, кайраттуулукка жана тайманбастыкка үйрөнөбүз. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгынын алдында бул өзгөчө мааниге ээ. Мезгил - учкул, муундар алмашып, баалуулуктар өзгөрүүдө, улам жаңы максаттар жана милдеттер алдыга коюлууда. Бирок бир гана нерсе - Ата Мекенди коргоо, туулган жериңди, элиңди коргоо зарылчылыгы эч өзгөрүүсүз калат. Мамлекеттүүлүктү, эркиндикти жана биримдикти коргоо азыр да зор мааниге ээ. Баарыбыздын максатыбыз бир - эркин жана гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды куруу!

Кымбаттуу мекен коргоочулары!

Кымбаттуу мекендештер!

Жаркыраган ушул майрамда сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, аманчылык, тынчтык жана келечекке зор ишеним каалайм!" 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: