super.kg logo
  Саясат  

Январда республикалык бюджеттин чыгашасы 7,2 миллиард сомду түздү

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2015-жылдын январь айында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 7 миллиард 255 миллион 400 миң сом суммасында аткарылды же план 95,8 пайызга орундалды. Муну 22-февралда Каржы министрлиги билдирди. Былтыркы жылдын бул мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы 6 миллиард 133 миллион 600 миң сомду түзгөн же быйыл чыгашалар 1 миллиард 121 миллион 800 миң сомго же 18,3 пайызга көбөйгөн.

"Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 2015-жылдын январь айында республикалык бюджеттен 5 миллиард 760 миллион 400 миң сом каржыланды же план 99 пайызга аткарылды. Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча январда республикалык бюджеттен 715 миллион 8 миң сом каржыланды же план 99,7 пайызга аткарылды",- деп билдирет министрлик. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: