super.kg logo

Ички иштер министрлиги: "Алманбет Анапияев делген адамдын сөөгү бүгүн Ошко алынып келет"

 

Бүгүн, 23-февралда Ички иштер министрлиги "Алманбет Анапияев делген адамдын сөөгү бүгүн Ошко алынып келет" деп SUPER.KG порталына билдирди. 

Маалыматка караганда, Алманбет Анапияевдин манжа издери Беларуска жөнөтүлгөн, бирок ал жактан расмий жооп келе элек. Ошондой эле бүгүн Алманбет Анапияев делген адамдын сөөгү Ошко алынып келери күтүлүүдө.

Айта кетсек, 19-февраль күнү өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары Минскте белгисиз адамдар тарабынан Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон. 

"Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алманбет Анапияевдин сөөгү" деп божомолдонгон жансыз дене Минсктеги унаа токтотуучу жайлардын биринен кымбат баалуу унаанын багажынан табылган. Айрым ММКлар анын сөөгү батирден табылганын жазып чыгышкан эле. Азырынча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги каза болгон жаран Алманбет Анапияев экенин тастыктай элек. Ал эми Беларустун Тергөө комитети Минск шаарында унаадан табылган жансыз дене боюнча расмий билдирүү таратты. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Факты боюнча бир канча версиялар каралып, азыркы тапта маркумдун өздүгүн тактоо боюнча иштер жүрүүдө. 

Айта кетсек, Алманбет Анапияев бир канча беренелер боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана "кримавторитет" Камчы Көлбаевдин жакын адамы экени айтылып келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
23.02.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман башты айлантынар го?!
23.02.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайра кайра эле ушуну жаза береби канча адамдарды сыздаткан колу канга баткан адам болсо керекда элдерди тажатса олтуруп кететда жон койобу.эми Аллахтын алдында актансын
23.02.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон эле кеп болуп калса экен.
23.02.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олбогону ырас болсун!
23.02.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган эле болсо керек жана жалган эле болсун
23.02.2015. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айнанайыын ее кантип еле ким екенин тастыкталбай жатат жаман башты айлантыштыго булар бул жерде бир нерсе барго
23.02.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кымбат баалуу унаадан табылды дегенине караганда ошол озу деген ой кететкен,,,
23.02.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Далили жок эмнеге алып келет кыргызстанга
23.02.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalbek87, Саламатсызбы!

Кабар Ички иштер министрлиги берген маалымат боюнча жазылган. Дагы толуктап турганга аракет кылабыз.

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-02-23 13:38:46
23.02.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жонокой жаран олсо мекенине алып келиш учун канча каражат кыйынкылактар болот.а бул олукту тастыктабай жатып алып келишти.груз 200 алып келиш кандай азап.оз баштан откон.моргдон чыгарбай жакынын болсо да канча каражат документтер керек.чокунарга анан тастыктабай алып келинет соок.кулкуну келтирет
23.02.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shiko, Алып келише элек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: