super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Ата Мекен" фракциясы Аскердик институттун курсанттарын Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

 
Бишкек шаардык кеңешиндеги "Ата Мекен" фракциясы 21-февралда Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттарын Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Саамалык аталган институттун жетекчилигинин көмөгү менен өтүп, ага Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаштар театрынын артисттери жана кыргыз эстрадасынын ырчылары катышты.
Шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Союзбек Салиев куттуктоо сөзүндө аскердик кызмат өтөөнүн татаал экенине карабай мекен үчүн кызмат кылууга чакырды. Ал эми шаардык кеңештеги партиянын төрагасы Камалидин Токтосартов бул майрамды белгилөөнүн тарыхына токтолду. Соңунда ырчылар Султан Садыралиев, Замира Мавлянова, Венера Сатылганова жана башка артисттер чыгармаларын тартуулашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: