Баткенде почта кызматкеринин өлүмүнө шектелип айылдык почта бөлүмүнүн башчысы жана анын жубайы кармалды
Баткен районунда почтачынын өлүмүнө шектелип, айылдык почта бөлүмүнүн башчысы жана анын жубайы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-январында Баткен районунун Коңур-Дөбө жайлоосунда белгисиз адамдын дене мүчөлөрү табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын негизинде маркумдун өздүгү такталып, Кара-Бак айылында почта кызматкери болуп иштеп жүргөнү белгилүү болгон. Ал эми 16-февраль күнү кылмышка шектүү катары айылдык почта бөлүмүнүн башчысы жана анын жубайы кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, маркум Турдугүл Камчиева 2014-жылдын октябрь айында өлтүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Милиция да дагы жиндилер отурбайтта куноосу жок болсо эле сабай бермекбеле барда мойнундарында бирдеме ошон учун сабап моюнуна алдырттыда азыр андай жок милицияда сабап мойнуна алдырткан андай иштер илгери болгон азыр только за дело сабайт значит билишкен бирдеме кылганын