Кара-Көлдө балык уулап жүрүп сууга чөгүп кеткен экинчи жарандын жансыз денеси табылды
Кара-Көлгө балык уулаганга кетип 19 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан экинчи жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Нуркалый Юсупбековдун денеси 22-февралда 25 метр тереңдиктен табылган. Анын денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, 4-февраль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 395-чакырымында Нарын дарыясына 3 адам кайык менен балык уулаганы чыккан. Кайык оодарылып, 2 адам чөгүп, 1 адам тирүү калган. Изделип жаткан жаран менен бирге сууга чөккөн 23 жаштагы Нурбек Бекташовдун жансыз денеси 9-февраль күнү саат 14:30 чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.