Бишкекте Болсунбек Стакеевдин жеке концерти ыр-күлкү менен коштолууда






Бүгүн, 23-февралда Бишкектеги Спорт Ордосунда "Беш тапан" куудулдар тобунун мүчөсү Болсунбек Стакеевдин "Лабадах" аттуу жеке концерти өтүүдө. Кечени бийчи кыздар индия бийин бийлеп ачып беришти. Ал эми концертти "Беш тапандын" жигиттери алып барышууда.
Автор: Динара Абдыкадырова
Фото: Динара Абдыкадырова
Болсунбек мырзаны куттуктап куудулдар Келдибек Ниязов, Борончу Кудайбергенов, Тынар Курбаналиев жана башкалар келишти. Ыр-күлкү коштогон кечеде Болсунбек Стакеев көрөрмандар берген суроого тамаша-чын аралаш жооп берип, залды күлкүгө бөлөп жатат.
Суроо: - Эмне үчүн атыңыз Болсунбек?
Жооп: - Мен 4 кыз, 4 уулдан кийин төрөлгөм. Ата-энем мен жарыкка келгенде ушуну менен болсун, токтосун деп атымды Болсунбек коюшуптур, бирок болбой калды. Анткени менден кийин да иним бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Абдылда агайдын концерти, бул концерт да жакында жүктөлөт.