super.kg logo

Акыркы суткада өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталып, Аламүдүн районунда унаа жана соода күркөсү күйүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзчөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Аламүдүн районундагы Тоголок Молдо - Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде Степ үлгүсүндөгү унаа бакты сүзүп, толугу менен күйүп кетти. Өрттөн улам алыс эмес жердеги азык-түлүк сатуучу темир контейнердин 30 чарчы метр жыгач менен капталган ички дубалы, 2 куб бош картон, азык-түлүк түтүнгө ышталып, жараксыз абалга келген. Өрт кырсыгы жол кырсыгынан улам келип чыккан. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер менен жабылган 88 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 200 боо чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: