"Эки баласын бычактап өлтүргөн" деп шектелген аял СИЗОдогу аялдарды ур-токмокко алууда

"3 жана 4 жашар эки баласын бычактап өлтүргөн" деп шектелип, 21-февралдан тарта Бишкек шаардык №1-СИЗОдо отурган Амира Ибраева камерада бирге отурган аялдарды ур-токмокко алып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда СИЗОнун кызматкерлерине шилтеме берүү менен адвокат (А.Ибраеванын адвокаты эмес - ред.) Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтымында, Ибраева кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар менен бирге тергөө камагына отургузулган.
"Акыркы 3 сутканын ичинде ал камерадагы аялдарды муунтуп, чачтарын жулуп, дүрбөлөң салууда. Ошол эле учурда Ибраева эшикти тепкилеп, жанында ким турса, аны ургулап, бакырып жатат. Учурда дарыгерлер ага кыска мөөнөткө жардам берүүчү реланиум (уктатуучу дары-дармек - ред.) берип жатат.
Ал эми жапа чеккен аялдардын жардам сураганы №1-СИЗОнун жетекчилигине жетпей жаткандай. Алардын укуктары бузулууда. СИЗОнун медициналык кызматкерлери да, жетекчилиги да эч кандай чара көрбөй жатат. Жапа чеккен аялдарга жардам көрсөтүлгөн эмес",- деди Айткулов.
Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган.
Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени белгилүү болгон. Ал эми 17-февралда Ленин райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Тилекке каршы жок, болсо жүктөп койгонго аракет кылабыз.