super.kg logo
  Саясат  

Мектепте ата-энелерден акча чогултууну ачык кылуу демилгеси комитеттен 3-окууда колдоо тапты

 

Бүгүн, 24-февралда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети "Билим берүү жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды.

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, учурда мектептерде акчаны ыктыярдуу-мажбурлап чогултуу практикасы иштөөдө. "Бирок мунун төмөнкүдөй терс жактары бар: коммерциялык эмес уюмдар келип түшкөн жана чыгымдалып жаткан каражаттар жөнүндө кенен отчёт беришпейт, акча каражаттары мажбурлоо менен чогултулат, ата-энелери акча төгүмдөрүн төлөбөгөн окуучулар мугалимдер жана мектептин директорлору тарабынан моралдык кысымга дуушарланат",- деди Бекешев.

Аталган кемчиликтерди жоюуга багытталган бул мыйзам долбоору парламенттин пленардык жыйынында каралмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: