super.kg logo

Токмокто 57 бала ууланган лицейдин тамак-аш бөлүгү санитардык талапка жооп бербегени аныкталды

 

Токмокто 57 бала ууланган түрк лицейинин тамак-аш бөлүгү санитардык талапка жооп бербегени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Шабдан Рыскулов билдирди.

"Кыргыз-Түрк “Себат” лицейинин тамак-аш бөлүгүн текшерүү маалында ал тиешелүү санитардык нормаларга жооп бербегени жана азык-түлүк сактоочу муздаткычтар жетишсиз экени аныкталды. Анын үстүнө лицей сентябрь айынан бери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун макулдугусуз иштеп келгени белгилүү болду. Тиешелүү документтер жок болуп чыкты. Ал эми ууланган балдар боюнча айтсам, алдын ала маалыматтарга ылайык, алар быштактан ууланган болушу мүмкүн. Себеби алар эртең менен сүт жана быштак жешкен экен. Түшкө жетпей баары өздөрүн жаман сезе башташкан",- дейт Ш.Рыскулов.

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, ал дагы 1-2 жумадан кийин гана даяр болот.

Эске салсак, 20-февраль күнү Токмок шаарындагы Кыргыз-Түрк "Себат" лицейинде 57 окуучу тамак-ашка ууланган. Алардын арасынан өздөрүн начар сезгендер ооруканага жеткирилип, бирок кийинчерээк кайра чыгарылышкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: