super.kg logo

Эртең Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылык кечеси болот

 
25-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылык кечеси өткөрүлөт. Иш-чарага КРнын Маданиятка Эмгек сиңирген ишмери Курбан Раимжан, маданият ишмерлери, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери, мектеп окуучулары катышат. Кечеде акын Шайлообек Дүйшеев ыр окуп, чыгармачылыгы тууралуу кеп салат. 

Акын Шайлообек Дүйшеев Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1950-жылы 23-февралда туулган.

1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошол эле жылдан тартып Нарын облустук Нарын правдасы гезитинде кабарчы, облустук телерадиоуктуруу комитетинде редактор болгон. 1983–1990-жылдары Кыргыз филармониясында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. 

2006-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамын жана башка бир катар сыйлыктарды алган. 2010-жылы декабрда III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Байдылда Сарногоев атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси. 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: