Элчи Кадыр Токтогулов АКШнын президенти Барак Обамага Ишеним грамотасын тапшырды
Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов 23-февралда аталган өлкөнүн президенти Барак Обамага Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу элчи өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Токтогулов Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн 14-февралда АКШнын Мамлекеттик департаментинин Протоколдук кызматынын башчысы Питер Селфрижге тапшырган.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, Кадыр Токтогулов Кыргыз Республикасынын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

