Ошто студенттер үчүн чет тилин акысыз окуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт
Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн чет тили боюнча акысыз курска баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда мэриянын алдындагы Жаштар комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курстарга 24-февралдан 12-мартка чейин жазылса болот. Ага шаардагы бардык жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Аталган курс шаардык мэрияда бир жумада 3 жолу өтүп, орус тили боюнча окутуу 4 ай, ал эми англис тили боюнча окуу курсу 3 айды түзмөкчү. Ар бир тайпада 25 студент окутулат.
Уюштуруучулар билдиришкендей, курс жаштарды колдоо жана жаштар арасында ынтымакты бекемдөө максатында өткөрүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Саламатсыздарбы!
Аракет кылабыз.