Борбордо “Тил - ар бир улуттун сыймыгы” аталышында иш-чара болуп өттү









Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата “Тил - ар бир улуттун сыймыгы” аталышында иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган китепканадан бүгүн, 24-февралда билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Маалым болгондой, иш-чарада окурмандар Эл аралык эне тил күнүнүн кабыл алынышы, кандай максатта жана кайсы жылдан бери белгиленип келгени тууралуу маалымат берилип, кыргыз тилинин келип чыгыш тарыхынан слайд-баяндама көрсөтүлдү.
"Келечекте эне тилибиз толук сакталып калабы, ал үчүн кандай чара көрүш керек? Башка тилдерди үйрөнүүгө да бүгүнкү күндө шарттар барбы? Жаштарга көп тилди билүүнүн зарылчылыгы барбы? Мына ушул сыяктуу суроолор боюнча викторина уюштурулду",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.