Айдоочулар электр чубалгысынын тирөөчүн сүзүп, мындан улам бир катар аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады
21-февралдан 24-февралга чейин “Түндүк электр” ишканасынын 3 электр берүүчү чубалгыларынын тирөөчтөрү сүзүлүп, анын кесепетинен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган.
Аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 21-февралда Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында өспүрүм Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаа менен 10 кВ электр берүүчү чубалгынын тирөөчүн сүзүп кеткен. Анда жапа чеккендер болгон жок. Өспүрүмдүн ата-энеси ошол эле күнү келтирилген зыянды калыбына келтиришти.
23-февралда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Будённый айылында саат 06:17 белгисиз айдоочу 10 кВ электр берүүчү чубалгынын жыгач тирөөчүсүн сүзүп кеткен. Анын жыйынтыгында зымдар чачышып, электр энергия үзгүлтүккө учураган.
Ал эми 24-февраль түнү Саадаев - Тоголок Молдо көчөлөрүнүн барчасында белгисиз айдоочу 6/10 кВ электр берүүчү чубалгынын темир тирөөчүн сүзүп кеткен. Кырсык болгон жерге барган Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын жана Чыгыш райондук электр тармактарынын кызматкерлери 6/10 кВ электр берүүчү чубалгынын кыйшайган тирөөчүн, үзүлгөн зымдарды жана күйүп кеткен Honda Stepwgn (мамлекеттик номуру S 65-30 AI) үлгүсүндөгү унааны табышкан. Бул кырсыкка байланыштуу Красный Строитель конушунун бир бөлүгүнүн электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.