super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсүндө парламенттик жана президенттик шайлоолордун убактысын 1 саатка узартуу сунушталууда

 

Бүгүн, 24-февралда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети өлкө президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин талкуулап жатат.

Аталган шайлоолордун убактысын 1 саатка узартуу же 20:00гө чейин кылуу демилгесин депутаттар жактырышты. Мындан тышкары комитет мүчөлөрү шайлоодо маркировкалоо процедурасын алып коюу сунушун колдошту. Муну алар "биометрикалык маалыматтардын базасы түзүлгөндүктөн, манжага белги коюунун зарылчылыгы жок болот" деп түшүндүрүштү.

Айта кетсек, быйыл күзүндө парламенттик шайлоо, 2017-жылы президенттик шайлоо өтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: