super.kg logo

Оштогу мечиттер атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилет

 

Ош облусунун мусулмандар казысы Ниязали ажы Ариповдун буйругу менен облус аймагындагы мечит жана медреселердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча атайын аалымдар курамынан турган комиссия ишин баштады. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Комиссиянын иш планына ар бир райондогу мечит имамынан тартып сопу жана азанчы-кассирине чейин буйруктарын текшерүү, алардын диний билими, диний ишеним жолун аныктоо милдеттери коюлду. 

Бул иш-чара диний жааттагы кабыл алынган мамлекеттик концепцияны ишке ашыруунун алкагында КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбековдун колдоосунда өткөрүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө комиссия курамы төрт топко бөлүнүп, бир жумалык мөөнөттө Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы диний жетекчилик менен кеңешилип, зарыл талаптарга жооп бербеген имамдар менен дин кызматкерлерине чечкиндүү чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, бул иш-чаранын максаты коомчулуктагы динге байланыштырылган радикализм, экстремизм жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.02.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну эчак эле башташ керек болчу, бул турмуш зарылчылыгы жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн маанилүү го. Кой терисин жамынгандар толтуруа жүрүшсө керек арабызда...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: