Сузакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн майрам уюштурулду








Сузак районундагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинде бүгүнкү күндө жалпы 98 адам жашап келет. Алардын ичинен 37си ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин Сузак райондук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Ж.Жоробековдун демилгеси менен башкармалыктын Аялдар кеңеши жана маданий кызматкерлер биргеликте аталган мекемеге майрамдык концерт тартуулашты. Концерттик программаны "Ай бий" бийчилер тобу ачып, милиция кызметкерлери менен биргеликте эстрада ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.