super.kg logo

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу иштери уланууда

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан шаар ичинде мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мындай иш-чаралар бир нече убакыттан бери жүргүзүлүүдө. Белгилүү болгондой, борбордогу Елецкий көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин ээсинин тиешелүү уруксат документтерисиз, муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алуу фактысы аныкталган. Аталган факт боюнча жогоруда белгиленген даректин ээсине департамент тарабынан 2014-жылдын 5-августундагы №00074-токтомунун негизинде мыйзамсыз дубалды алып салуу жөнүндө эскертүү берилип, 2014-жылы 29-августта №126/14 РО протоколу түзүлгөн. 

Октябрь райондук сотунун 2014-жылдын 20-октябрындагы №АП-1979/14-токтомуна ылайык, үй ээсине административдик укук бузгандыгы үчүн 10 миң сом өлчөмүндөгү айып салынып, мыйзамсыз курулган дубал бузулду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: