super.kg logo

"Ишкерге карата ок чыгарган" деп шектелген маалымат агенттигинин редактору кармала элек" дейт Олжобай Казабаев

 

"Борбор калаада маалымат агенттиктеринин биринин редактору А.Сартбаев жеке ишкерге карата ок чыгарган. Бул окуя боюнча аны издөө улантылууда". Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди. 

"20-февраль күнү милицияга арыз менен Самсалы Четимбаев аттуу жаран кайрылган. Анда ал борбордогу маалымат агенттиктеринин биринин редактору эртең мененки саат 10:00 чамасында телефон чалып, басма сөз каражаттарынын бирине ал тууралуу макала чыкканын айткан. Саат 15:16 чамасында ал редактор менен жеке ишкер кафелердин биринин жанынан жолугушкан. А.Сартбаев аны дүкөнгө айдатып барып, арак ичип, кийин аны борбордук көчөлөрдүн бирине таштап коюуну суранган. Унаадан экөөнүн ортосунан уруш чыгып кеткен. Жеке ишкер макаланы алып салууну айткан. Ага макул болбогон редактор тапанчасын чыгарып, аны атууга аракет кылган. Бирок экөө кармаша кетип, ок ишкерге эмес, унаанын арткы отургучунун жөлөнгүчүнө тийген. Бул факт боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда ал жашаган жеринде жок болуп жаткандыктан, аны издөө иштери улантылууда",- дейт О.Казабаев. 

Маалыматка ылайык, эгерде ок чыгарылган тапанча кылмышка шектүү жарандын атына катталбаган болсо, ага карата дагы бир кылмыш иши козголмокчу. Айта кетсек, жабырлануучу Азимбек Бекназаровдун жардамчысы катары белгилүү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.02.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
капканга тушупсун
24.02.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Сартбаевдин газетасы чылгый эле ушак жана имиш-имиштер. Маалыматты тактабай эле бир ушакты жазып жиберет да, кийинки жумада шермендеси чыгып кечирим сурашат.
:)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: