super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "Кумтөр" боюнча өкмөт менен "Центерра" ишканасынын ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат

 
Бүгүн, 24-февралда Бишкекке "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эл аралык консультанттар келишти. Муну SUPER.KG`ге "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов тастыктады. Анын билдиришинче, азыркы тапта эки тараптуу сүйлөшүүдө "Кумтөр" долбоору боюнча юридикалык жана экологиялык маселелер каралууда. Сүйлөшүүгө "Центерранын" башкы юристи Франк Герберт жана "Центерра" жалдаган эл аралык эксперттер, кыргыз тарап жалдаган эксперттер да катышууда. Мамытов эки тарап натыйжада тең башкаруудагы биргелешкен ишкана түзүү тууралуу бир чечимге келүүсү зарыл экенин айтты. 
Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы угулмакчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: