super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: "Кумтөр" боюнча жаңы келишимге кол коюлары күтүлүүдө

 

Кыргыз өкмөтү менен "Центерра" компаниясынын ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы базалык келишимге кол коюлары күтүлүүдө. Муну вице-премьер-министр Валерий Диль 24-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди. Отурумда Жогорку Кеңештин “Кумтөрдүн” ишине байланышкан токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду.

Дилдин айтымында, "Центерра" менен "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр улантылып, бир катар олуттуу маселелер жаатында макулдашууга жетишилди. Ал эми экологиялык маселелер жагында айрым бир талаш-тартыштар аягына чейин чечиле элек. 52 миллион доллар көлөмүндө экологиялык камсыздандыруу фонду түзүлөрү айтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биргелешкен ишкана түзүп, аны Кыргызстанда каттоодон өткөрүү, Нидерландыда банк эсебин ачуу маселесинин башы ачылып калганы белгилүү болду. Анын Директорлор кеңешинин курамы эки тараптан үчтөн кишиден же жалпы 6 мүчөдөн турат. Ошондой эле башкаруучу компанияны дайындоо маселеси чечилгени менен, азырынча анын иштөө мөөнөтү талаш-тартыш жаратууда.

Өкмөт өкүлү эки-үч күндүн аралыгында "Центерра" компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы базалык келишимге кол коюу күтүлүп жатканын, ал дароо эле Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле турган болсо, "Кумтөр" тууралуу бардык маселелерди ошондо кароо сунушун киргизди. Комитеттер бул маселени келерки аптада кайрадан кароо чечимине келишти.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: