Борбор калаада жумушсуз жарандар үчүн ишкердик боюнча курстар өткөрүлөт
Борбор калаада жумушсуз жарандар үчүн атайын курстар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин шаардык башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган курс "Ишкердиктин негиздери жана бизнести алып баруу" деген аталышта болмокчу. Аталган курс 6 бөлүмдөн туруп, анда жумушсуз жарандарга "Мен ишкермин", "Бизнестин стратегиясы", "Бизнес идея", "Бизнес идеяларды пландоо жана ишке ашыруу", "Бизнести пландоодон бизнести түптөөгө өтүү" жана "Ишкананын ийгилиги жана анын жолун улоо" темалары боюнча түшүндүрүү иштери жана окутуу жүргүзүлмөкчү.
"Иш-чаранын негизги максаты жумушсуз жарандар үчүн өз ишин баштоого мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Курстун алкагында айрым жарандардын бизнес идеялары жаралып, алар пландоодон конкреттүү ишке өтөрүнө ишенич бар",- деп айтылат маалыматта.




1 |