super.kg logo
  Саясат  

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде учурда бир дагы тоо-лыжа базасы жок

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 24-февралда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүп, 2014-жылдын туристтик сезонунун жыйынтыгы жана кыргыз өлкөсүндө 2015-жылдын туристтик сезонун өткөрүүгө даярдык көрүү маселеси талкууланды. 

Жыйында депутат Карганбек Самаков жакынкы жылдары “Өзгөн мунарасы” тарыхый комплексин, Шах-Фазилди, Таш-Рабатты жана башка тарыхый-маданий мурастарды ЮНЕСКОнун тизмесине каттатуу керектигин билдирди.

Өзгөн шаарына жакын жердеги Төөчү тоосунда лыжа базасын куруу маселеси көтөрүлдү. Өлкө түштүгүндө бир дагы лыжа базасы жок экени айтылды. Эгер ушул долбоор ишке ашса, анда ал Фергана өрөөнүндөгү уникалдуу туристтик жайга айланмакчы.

Маалыматка таянсак, былтыр кыргыз өлкөсүнө 4 миллион 65 миң турист келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: