super.kg logo

Бишкек шаарында "букмекердик клубду тоногон" деп шектелген 3 жаран кармалды

 

Бишкек шаарында "букмекердик клубду тоногон" деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 22-февраль күнү таңкы саат 04:00 чамасында Чүй кең көчөсүндө жайгашкан букмекердик клубдардын бирин белгисиз жарандар карактап кетишкен. Анда медициналык бет каптарды кийген белгисиз жарандар тапанча менен коркутуп, акча каражаттарын алып кетишкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул кылмышка шектүү катары 23, 20 жана 22 жаштагы жарандар кармалышты. Алардын унаасын тинтүү учурунда 2 кара түстөгү атайын аскер формасы, пневматикалык тапанча жана 127 миң сом акча каражаты алынган. Учурда кармалгандарга карата кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.02.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшек этин булар да жеген экен ))))))
24.02.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул не деген шумдук...
24.02.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алганга жараша иштетип койбоптурда. Эми кетти 5жылдан 8 жылга чейин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: