super.kg logo
  Саясат  

Парламентке келчү партиялардын санын төрттөн кем кылбоо сунушталууда

 

24-февралда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүү демилгеси талкууланды.

"Мындай көрсөткүч менен Жогорку Кеңешке төрттөн кем партия келбеши керек. Мыйзам долбоорун 2005 жана 2010-жылдардагы революцияларды эске алуу менен иштеп чыктык. Партиялар биригиши жана чоңоюшу керек деген ой менен сунуштап жатабыз",- деди Кулов.

Депутат Мирлан Бакиров демилгеге каршылыгын билдирди. "Азыркы колдонуудагы 7 пайыздык босоголук чекти эле калтыруу туура. 10 пайызга чейин көтөрүүгө зарылчылык жок. Парламентте төрт партия болуш керек дегени - партиялардын укугун чектөө. Парламентке өтө албаган көпчүлүк партиялар оппозицияга кошулуп, көчөдө өз пикирлери менен чыгышы толук мүмкүн. Ошондуктан 7 пайыздык босогону эң ыңгайлуу деп эсептейм",- деди Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: