Баткен облусунун тургуну аялын жана үч баласын өрттөөгө аракет кылган эмес
Баткен облусунун тургуну аялын жана үч баласын өрттөөгө аракет кылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Баткен ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттүн болгону чын, бирок атасы балдарын өрттөөгө аракет кылган эмес. Аялын жана балдарын өрттөн куткарууга өзү жардамдашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туура эмес маалымат тараткан.
Айта кетсек, кечээ, 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Айдаркен шаарынын Р.Тажибаев аттуу тургуну 3 баласын жана аялын үйдүн ичине камап, өрттөөгө аракет кылганын билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

"Өрттөөгө аракет кылган" деген кабар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматы боюнча жазылган. Ал эми бул кабарды Баткен областтык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.