Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылат










Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунда 22-23-февралда Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 74-чакырымынан 107-чакырымына чейинки аралыгында жалпы көлөмү 74 650 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине ЖЭМ-26 транспорт кызматы тарабынан 2 бульдозер жана 1 жүктөгүч тартылып, кечээ, 24-февралда саат 17:50дө унаа жолу тазаланган. Ал эми бүгүн жолду кеңейтүү иштери улантылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.