Нарын суусунан белгисиз жарандын денеси табылды
Нарын шаарына караштуу Арал аймагынан өткөн Нарын дарыясынан белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, болжол менен 55-60 жаштагы азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси суунун үстүнө калкып чыгып калган. Окуя болгон жерге Нарын шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана КРнын ӨКМнын куткаруучулары барышкан. Куткаруучулар маркумдун денесин суудан чыгарышып, шаардык оорукананын өлүкканасына жеткиришти. Учурда бул факт боюнча иликтөө жана маркумдун өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.