super.kg logo

Милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээли текшерилди

 

Ички иштер министрлигинин 42 кызматкерине 17-февралдан 21-февралга чейин теориялык сабактар, тапанчадан ок атуу, дене тарбия жана күжүрмөн самбо боюнча семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу 25-февраль күнү ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тапанчадан ок атуунун үч түрү: убакыт, ок салуучу магазинди тез аранын ичинде алмаштырып атуу жана чуркап баратып кыска убакыттын ичинде таамай атуу боюнча жарыш өттү. Жыйынтыгында кызматкерлер арасында начар ок аткандар да болбой койгон жок. "Эгерде кесиптик даярдоодон өтүп жаткан кызматкерлер өздөрү начар даярдыкта болсо, калган кызматкерлердин даярдыктарын кантип түшүнсө болот? Ошол себептен мындай иш-чараларды атайын түзүлгөн график боюнча жер-жерлерде ар дайым өткөрүп туруу керек" деп айтылат маалыматта.

Төрт күнгө созулган бул иш-чаранын жыйынтыгы ИИМдин Окуу-методикалык борборунун спортзалында өтүп, “Дене тарбия жана куралсыз өзүн өзү коргоо боюнча коомдук нускоочу” наамынын тастыктамасы ар бир кызматкерге министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов тарабынан тапшырылды. Мындай деңгээлде өткөн иш-чара ИИМде экинчи жолу гана болуп жатат. Буга чейин мындай окуулар жер-жерлерде гана ИИМдин ОМБнын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп келген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: