Акыркы суткада өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталды. Жалал-Абадда турак үйдөн чыккан өрттөн эмеректер күйдү
Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Кемин
районуна караштуу Жаңы-Алыш айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач
устундуу, шифер жабылган, аянты 18 чарчы метр турак үйдүн чатыры күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Жалал-Абад
шаарындагы турак үйдүн бөлмөсүнөн өрт чыкты. Анын кесепетинен 20 чарчы метр жыгач шыбы жана үй эмеректери күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр
жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.