super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Эшектерди союп, этин таратууга жол бергендер жоопко тартылышы керек"

 
Парламенттин 25-февралдагы жыйынында Чүй облусунун Ак-Жол айылында эшектердин союлуп, эттери таратылып жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү. 
Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, парламент жыйынына Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жана Ветеринардык инспекциянын өкүлдөрү келишип, аталган факт боюнча маалымат бериши керек. "Эт өлкөдөгү чайканаларга сатылып жатабы же чет өлкөгө жөнөтүлөбү? Балким, бизге бул эшектердин эттери арзан баада сатылып жаткандыр. Буга күнөөлүүлөргө карата чара көрүлүшү керек",- деди Исаков.
Төрага Асылбек Жээнбеков аталган окуяга күнөөлүүлөр сөзсүз жоопко тартылышы керектигин айтты. "Муну азыр карай албайбыз, мекемелердин өкүлдөрү буга даярданып туруп отчёт бериши керек. Тиешелүү комитетке тапшырма берилет, парламентте кароо же карабоо чечимин комитет кабыл алат",- деди төрага.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: