Ысык-Көл облусунун тургуну 9 килограммдан ашуун маңзат менен кармалды
Ысык-Көл облусунун тургуну 9 килограммдан ашуун маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга "Ак-Суу районунда жашаган 25 жаштагы жаран үйүндө маңзат сактайт" деген билдирүү түшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Каракол шаарынын тургуну кармалды. Анын үйүнөн 9,5 килограмм марихуана жана 20 грамм гашиш алынган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кармалган жаран мурда да ушул беренелер боюнча жоопко тартылган. Учурда ага карата кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.